Мамлекеттик тил майрамы 2017!

МАУПФиБ Мамтилге кайдыгер эмес!

Кыргыз республикасынын мамлекеттик тил күнүнүнө арналган майрамдык чыгармачыл кече абдан жакшы өттү. Кеченин ачылышы «Саякбай манасчы» эл аралак коомдук фондунун «Жаш канат» тобунун жетекчиси Муса уулу Төлөбек манасчы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен баштап берди. Андан соң «Кыргыз» радиосу уюштурган ЖОЖдор аралык «Китеп-билим булагы» сынагынын жеңүүчү, «Мыкты окурман» номинациясынын ээси Жайлообекова Айзат, Айгерим Кожобекова «Көрнөк-жарнактар жана кыргыз тилине болгон кайдыгерчилик» темасында доклад окушту.  Ошону менен бирге 1-курстар арасында дубал газеталардын сынагы менен коштолуп келип, андан соң тил боюнча жазылган акын-жазуучулардын ырларын жигердүү студенттер көркөм окушту. Көчөлөрдөгү ката жазылган көрнөк-жарнактар боюнча видео-ролик көрсөтүлдү. Майрамдык кечебизге конок болуп келген ЭБУКжанаБАнын тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Дамира Аскербековна, манасчы Муса уулу Төлөбек жана башка коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Жыйындар залында өткөн Майрамдык кечебизди көркүнө, ажарына чыгарган, сөзүнө сөзүн өрүлтүп, мыкты даярдык менен келген «Ырлар жыйнагы» ыр китебинин ээси, КЭКтин бүтүрүүчүсү, Академиянын 1-курсунун студентти Кожобекова Айгерим алып барды. Жигердүү студенттер мына ушундай кечелербизди уюуштуруп турса жүрөк сүйүнөт.  Быйылкы 2017-2018-окуу жылы мына ушундай иш-чара менен башталды.

Post Author: nurik